Губернатор, прокурор,УКМК башчысы баштаган жетекчилер Зардалыга барышты

0
463

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер облустун прокурору, УКМК башчысы жана мекеме ишканалардын жетекчилери Баткен районунун эң алыскы, тоолуу Зардалы айылына жумушчу сапары менен барышты.

Бул тууралуу облус башчысы Абдикарим Алимбаев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда жетекчилер элдин жашоо шартын, көйгөйүн жеринде билүү үчүн, тоо аралап аккан сууну бойлоп, кооптуу «Данги» жолу менен жөө барышканы жазылган.

Жетекчилер эл менен жыйын өткөрүп, бир канча көйгөйлүү маселелер каралган. Зардалылыктардын негизги эле маселелери, айылга өзгөчө макам берүү, Кара-Белес жолун оңдоо, электр энергиясын, байланыш түйүнүн тартуу, селден кийинки суу каналдарын, арыктарын оңдоо ж.б. социалдык маселелер экендиги белгиленген.

“Жыйын түнкү саат 22:00гө чейин уланды. Андан соң, келген жетекчилерди ар бир үйгө бирден бөлүп жаткырдык, тагыраак айтканда ким кайсыл үйгө жатса ошол жетекчи түнөгөн үйгө баардык тараптан жардам берүү жагы тапшырылды. Сел алып кеткен ашуудагы жолдорду жол курулуш башкармалыгы менен ордунда көрдүк. Алдыда жетекчилер элден түшкөн көйгөйлүү маселелерди чечүү үстүндө иштеп башташат”, деп жазылат Алимбаевдин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here